Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:48

Жалал-Абадда ынтымак кечеси өттү


Бүгүн Жалал-Абад облустук Барпы театрында "Мекеним менин – Кыргызстан!” урааны менен ынтымак кечеси өттү. Аны ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын түштүк аймагындагы улут аралык чыр-чатактарга каршы бөлүмү менен Оштогу “Ынтымак” телерадиокомпаниясы уюштурду. Оштон келген артисттер ынтымак менен биримдикти, тынчтыкты жана достукту даңазалаган ырларды аткарып, кеченин уюштуруучулары облустагы бир нече адамга улут аралык мамилени жакшыртууга кошкон салымы үчүн ардак грамоталарын тапшырды. “Азаттык” сурамжылаган адамдар улут аралык мамиле учурда тынч экенин, ынтымакты чыңдоо үчүн ар бир ата-эне балдарын туура тарбиялап, адамдарды улутка бөлбөөгө үйрөтүүсү, ар бир көчө, айыл-кыштак же топ адамдар арасында тынчтыкка үгүттөө зарылдыгын айтышты. Улут аралык кастыкты козуткан айрым телеканалдар менен гезиттерден андай материалдарды токтотууну өтүнүштү. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG