Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Түштүк кореялык спортчулар Пхеньяндагы мелдешке катышат


Түштүк кореялык оор атлетчилер регионалдык турнирге катышуу үчүн Пхеньянга жөнөп кетти. Тарыхта биринчи жолу Түндүк Корея кошуна өлкөнүн спортсмендери ийгиликке жетишсе, алардын желегин көтөрүүгө жана улуттук гимнин ойнотууга макул болду.

Өткөн аптада Пхеньян түштүк кореялык делегациянын коопсуздугу камсыздалаарына убада бергенден кийин Түштүк Кореянын Биригүү боюнча министрлиги 22 штангисттин сапарына макул болду. Бир нече айга созулган тирешүүдөн кийин эки өлкө жакында диалогду жандандырышты.

XS
SM
MD
LG