Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Кытай-Кыргызстан президенттери жолугат


Бүгүнкү расмий жолугушууларда эки тараптуу кызматташтык боюнча бир катар келишимдерге кол коюлары кабарланууда. Андан тышкары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу, Кыргызстанда иштеп жаткан Кытай компанияларынын иштери жана башка маселелер тууралуу сөз болмокчу.

Кытай президенти Си Цзинпин баштаган делегациянын курамында 21 киши бар. Ал эми ШКУ саммитине Кытайдан 100 чакты өкүл келери кабарланууда.
Кытайдын президенти Си Цзинпин ШКУ саммитин утурлай Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырды. Ал буга чейин Түркмөнстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда болду.
Си Цзинпин 2013-жылы 14-марттан тартып кызматка киришкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG