Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Автоунаалардын айнеги караңгылабайт


Президент автоунаалардын айнегин акы төлөп караңгылатууга уруксат берген мыйзам долбоорун артка кайтарды. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев мыйзам долбоору адамдардын коопсуз жол кыймылына болгон укугун чектейт жана мыйзамга каршы келет деген жүйө менен автоунаа айнегин акы төлөп караңгылатууга каршы пикирин билдирген.

Президенттин жүйөсүндө Кыргызстан жакында Бажы биримдигине мүчө болору, ага ылайык жол кыймылынын коопсуздугу тууралуу мыйзамдар биримдикке мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына шайкеш келүүгө тийиштиги айтылат.
Алсак, Орусияда автоунаалардын капталдагы алдыңкы жана маңдайкы айнектерин караңгылатууга толук тыюу салынган.

Жогорку Кеңештин депутаттары үстүбүздөгү жылы 30-майда кабыл алган мыйзам долбооруна ылайык, 100 доллар төлөгөн айдоочу бир жыл бою автоунаасынын басымдуу бөлүгүн караңгылатып жүрүү укугуна ээ болмок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG