Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:44

ЖККУ жыйынга чогулат


Жамааттык коопсуздук келишим уюумуна мүчө өлкөлөрдүн башчылары жыйынга чогулат. 21-23-сентябрда Сочи шаарында өтө турган сессиянын күн тартибин жана ага карата жүрүп жаткан даярдыкты бүгүн Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев уюумдун баш катчысы Николай Бордюжа менен талкуулады. Быйыл Кыргызстан ЖККУга төрагалык кылууда. Май айында Бишкекте ЖККУ президенттеринин бейформал саммити өткөн. Аймактагы коопсуздук жана кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланган. ЖККУ 1992-жылы түзүлгөн. Бул аскерий-саясый бирикмеге алты өлкө мүчө - Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан. Азербайжан, Грузия жана Өзбекстан да кирчү, бирок кийин чыгып кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG