Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Кыргызстан-Кытай: Тогуз документке кол коюлат


Бишкекте Кыргызстан-Кытай сүйлөшүүлөрү уланууда. Өлкө башчылар Алмазбек Атамбаев менен Си Цзинпин алгач өзүнчө сүйлөшүп, андан соң жолугушуу кеңири форматта уланууда. Кабарчыбыздын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн соңунда жалпысынан тогуз документке кол коюлмакчы. Эки лидер биргелешкен билдирүү жасайт. Си Цзинпин эртең Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери менен жолугат. Андан кийин ШКУнун саммитине катышат. Кытай лидеринин Бишкекке мамлекеттик сапары кечээ башталган. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG