Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:53

Кытай Кыргызстанга үч миллиард доллар инвестиция салат


Бүгүн Бишкекте кол коюлган эки тараптуу документтерди ишке ашыруу үчүн Кытай өкмөтү Кыргызстанга жалпысынан үч миллиард доллар бөлөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" экономика министри Темир Сариев билдирди.

Бишкекте бүгүн кыргыз-кытай сүйлөшүүлөрү өтүп, лидерлер Алмазбек Атамбаев жана Си Цзинпиндин катышуусунда тогуз документке кол коюлду. Алар: өкмөт аралык техника-экономикалык кызматташуу макулдашуусу, Кытайдан унаа алуу боюнча акт, Кыргызстан-Кытай газ куурун куруу боюнча макулдашуу, саламаттыкты сактоо жаатта кызматташуу боюнча өз ара түшүнүү меморандуму, Бишкектеги ТЭЦти оңдоо жана түндүк-түштүк унаа жолун куруу үчүн насыя алуу макулдашуусу, Кыргызстандын РСК- банкы менен Кытайдын Өнүктүрүү банкынын ортосунда 10 миллион доллар насыя алуу боюнча макулдашуу. Соңунда стратегиялык өнөктөш мамилесинин түзүлүшү боюнча биргелешкен декларацияга кол коюлду. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG