Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

БУУ: Сирияда эки тарап тең аскерий кылмыштарды жасашкан


Сириядагы конфликтте эки тарап тең эл аралык укукту бузуп, аскерий кылмыштарга барышкан. Мындай билдирүүнү шаршемби күнү Бириккен улуттар уюмунун Сирияда адам укуктарынын бузулушун иликтеген комиссиянын жетекчиси Паулу Пинейру билдирди.

Комиссиянын докладында сириялык өкмөттүк аскерлердин карапайым адамдарды өлтүрүшү, ооруканаларды жардыргандары мисал келтирилет. Ошол эле убакта оппозициянын куралданган топтору туткунга түшкөндөрдү өлтүрүшкөн, адамдарды туткунга алышкан, адамдар жашаган райондорду аткылашкан деген фактылар да жазылган. Доклад 2013-жылдын 15-майынан 15-июлга чейинки кырдаалды камтыйт.

Документте Дамаскка 15 күндүн ичинде Бириккен улуттар уюмунун инспекторлоруна химиялык куралдар бар объектилерди ачуу талабы коюлган. Болбосо Башар Асаддын режимине каршы экономикалык санкциялардан баштап, аскерий кийлигишүүгө чейинки чаралар колдонулат. Бул БУУнун Уставынын 7-бөлүмүндө каралаган.

10-сентябрда АКШнын президенти Барак Обама Орусиянын Сириядагы химиялык куралды эл аралык көзөмөлгө өткөрүп берүү сунушу тууралуу ойлоноорун жарыялаган.

XS
SM
MD
LG