Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

Чоюке манасчыга арналган китеп көргөзмө ачылды


Бүгүн Бишкекте белгилүү манасчы Өмүр уулу Чоюкенин 150 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү ачылды. Улуттук китепкананын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө өтүп жаткан көргөзмөдө манасчыга байланыштуу түрдүү китептер тартууланууда.

Көлдүн арык уруусунан чыккан манасчы Өмүр уулу Чоюке 1863-жылы Кара-Бөлтөк айылында туулган. 25-30 жашында эл аралап "Манас" айтып, кадимки Саякбайдын устаты болгон. Саякбай Карала уулу өз кезегинде устатынын талантына баа берип, "Чоюке - чынар, мен - чырпык, Чоюке - бүркүт, мен - чымчык" деп айтканы бар. Чоюкенин өз оозунан "Манас" жазылып алынбай калган. Бирок ал үчилтиктен тышкары "Эр Төштүк", "Жаныш-Байыш" жана "Жүгөрү" дастандарын да айткан. Манасчы 1925-жылы 62 жашында дүйнөдөн кайткан. (RK)

XS
SM
MD
LG