Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Бишкекке Иран президенти келди


"Манас" аба майданы. 12.09.2013
"Манас" аба майданы. 12.09.2013
Бишкекке Иран президенти Хасан Роухани учуп келди. "Манас" аэропортунан аны өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев тосуп алды. Андан соң иран делегациясынын кортежи "Ала-Арча" резиденциясына келди. Ал жерде Роуханини Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев тосуп алат. Ошондой эле бүгүн Иран лидери Бишкекте бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Орусия жана Кытай президенттери менен жолугат. Эки тараптуу жана аймактык кызматташтык маселелери талкууланат. Ирандын жетекчиси эртең Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн келди. (RK)

XS
SM
MD
LG