ШКУ саммитинин катышуучулары Бишкекке келүүдө. Бир нече мүнөт мурда "Манас" аэропортунан өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдоржду тосуп алды. Ал атайын учак эмес, кадимки жүргүнчү ташуучу рейстик учак менен келди. Монголия ШКУ уюмунда байкоочу. Соңку бир саат ичинде "Манаска" Иран жана Ооганстан президенттеринин учактары келип конгон. (RK)