Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Путин "Нью-Йорк Таймста" АКШны сындады


Президент Владимир Путин The New York Times гезитинде жарык көргөн макаласында АКШ Сирияга сокку урса, дүйнө “баш аламандыктын сазына батып кетет” деп эскертти. Орус мамлекет башчысы 21-августтагы химиялык чабуулдун артында Асад режими эмес, козголоңчулар турат деп “ишенүүгө жүйөөлөр көп” деп жазат. Путин ошондой эле миллиондогон адамдар барган сайын Кошмо Штаттарды демократиянын модели катары эмес, жалаң күч колдонгон өлкө катары кабыл алышаарын айтат.

Анын макаласы АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Женевадагы жолугушуусун утурлай чыкты. Эки өлкөнүн башкы дипломаттары Сириянын химиялык арсеналын эл аралык көзөмөлгө өткөрүү планын талкуулашмакчы. Андай демилгени 9-сентябрда Москва көтөргөн. АКШ президенти Барак Обама шейшемби күнкү телекайрылуусунда Орусиянын сунушуна мүмкүнчүлүк берүү зарыл деп, Конгрессти аскерий операцияга уруксат берүү маселесин колго салууну жылдырууну сараган.

XS
SM
MD
LG