Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Атамбаев - Карзай: Коопсуздук маселеси талкууланды


"Ала-Арча" резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев ооган башчысы Хамид Карзай менен жолукту. Кабарчыбыздын айтымында, эртеңки ШКУ саммитинде талкуулана турган маселелер тууралуу сөз болду. Алмазбек Атамбаев негизинен аймактагы коопсуздук талкууланаарын айтты. Хамид Карзай ушуну менен Бишкекке төртүнчү жолу келип жатканын, жакшы өзгөрүүлөрдү байкаганын айтты. Эртең Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Ооганстан бул уюмда байкоочу статусуна ээ.

Ооган башчысынан кийин кыргыз президенти Ирандын, Монголиянын, Өзбекстандын башчыларын кабыл алат. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр улам учуп келип жаткан расмий коноктор менен да өтөт. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG