Дүйшөмбү шаарында оппозициядагы “Жаңы Тажикстан” партиясынын лидери, ишкер Зайд Саидовдун соту өтүүдө. Мурдагы депутат Саидов коррупция, кызматтан кыянат пайдалануу, финансылык көз боемочулук, көп аялдуулук, жашы жетелек өспүрүм менен жыныстык катнашта болуу деген беренелер боюнча айыпталып, быйыл майда камакка алынган. Ал өзү айыптарды четке кагып, иштин артында саясат турат деп келатат. Саидов буга чейинки соттук угууларда саясий партия түзүү ниетин билдиргенден кийин куугунтукка кабылганын айткан. Апрелде партиянын саясий программасын сунуштап жатканда ал өкмөттү катуу сындаган. “Жаңы Тажикстан” расмий катталган эмес. Саидовдун жакындарына бүгүнкү сотко катышууга уруксат берилген жок.