Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:52

Роухани: Кыргыз-иран алакасын чыңдоого мүмкүнчүлүктөр бар


Бишкек. 12.09 2013
Бишкек. 12.09 2013
Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда Иран президенти Хасан Роухани айтты. Ал Иран Кыргызстандын көз каранды эместигин биринчилерден болуп тааныган өлкө экенин кошумчалады.

Алмазбек Атамбаев өз кезегинде Хасан Роухани президент катары алгачкы чет өлкөлүк расмий сапарын Кыргызстандан баштап жатканына кубанычта экенин белгиледи. Жолугушууда тараптар мындан аркы кызматташтыкты кеңейтүү туурасында сүйлөштү. Иран президенти эртең Бишкекте өткөнү жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине байкоочу катары катышуу үчүн келди. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG