Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Индияга расмий сапарга чакыруу алды. Индия жетекчилигинин чакыруусун бүгүн Атамбаевге бул өлкөнүн тышкы иштер министри Салман Хуршид жеткирди. "Ала-Арча" резиденциясында өткөн жолугушууда президент менен министр эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалын жана келечегин талкуулады. Атамбаев Кыргызстан Индия сыяктуу парламенттик башкаруу жолунда баратканын, кыргыз элинин индиялыктарга мамилеси өзгөчө экенин, Болливуд тасмаларына кызыгуу чоң экенин айтты. Тараптар экономика жана билим берүү тармагында жигердүү кызматташууга, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкчылык бар экенин айтышты. (EBM/RK)