Казак тараптын расмий маалыматы боюнча, бир нече ай мурун казакстандык чек арачылар тарабынан "чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн” деген жүйө менен кармалган Кыргызстандын эки жараны бошотулду. Маалыматка ылайык, Казакстан соту аларга карата жаза айып чектеп, мекенине кайтаруу тууралуу чечим кабыл алган.
Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдагандай, Элдияр Узаков менен Үсөн Узаковдун жакындарына Казакстан сотунун чечими жана аларды Каркыра чек ара бекетинен өткөрүп берүүгө даярдыгы маалымдалды. Ушундай эле себеп менен Казакстанда кармалып турган башка кыргызстандык жарандардын иши сот тарабынан жакынкы күндөрү каралат деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.
11-июлда казак чек арачылары Кыргызстан-Казакстан ортосундагы Көк-Көл жайлоосунда ичкери кирип кеткен деп, сегиз кыргыз малчыны кармаган. Алардын бири бойго жете элек болгондуктан бошотулган. Ошол эле күнү кармалган Үсөн Узаков менен Элдияр Узаковду сот 17-июлда “чек араны бузган” деп таап, эки айга камалганын билдирген. Алардын 864 кою жана 16 аты кыргыз чек арачыларына өткөрүлүп берилгенин казак тарап кабарлаган. (ZKo)