Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Кыргызстанга Владимир Путин келди


Орусиянын президенти Владимир Путиндин учагы “Манас” эл аралык аэропортуна таңкы саат 5:30да келип конду. Аны Кыргызстандын 1-вице премьер-министри Жоомарт Оторбаев тосуп алды.

Орусия президенти Бишкекке ШКУнун саммитине катышуу үчүн келди.
Шанхай кызматташтык уюмунун 13-саммитине катышуу үчүн кечээ ага мүчө өлкөлөр: Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын жана ошондой эле уюмга байкоочу өлкөлөр: Ооганстан, Иран жана Монголиянын президенттери, ал эми Пакистан менен Индиянын Тышкы иштер министрлери келишти. Кытай жетекчиси Си Цзинпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен 10-сентябрда келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG