Жаштар кеңешинин 6-сессиясы ШКУ саммитинин алкагында өтүп жатат. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча отурумдун катышуучулары: Кытай, Орусия, Казакстан жана Тажикстан делегациялары Бишкекке келишти.
Сессиянын жүрүшүндө кеңеш тарабынан жасалган иштер жана 2013-2014-жылга карата пландар талкууланат. Ошондой эле бүгүнкү отурумда ШКУнун Жаштар кеңешине төрагалык кылуу Тажикстанга берилет.
ШКУ саммитинин алкагында өтүүчү отурумга Жаштар кеңешинин кыргыз улуттук бөлүгүнүн мүчөлөрү, Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов, Бишкек шаар кеңешинин депутаты Марат Аманкулов катышмакчы.(ZKo)