Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:25

УКМК: чет өлкө жарандарын мыйзамсыз апкелген 30 ишкана аныкталды


Мыйзамсыз миграцияны токтотуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандарды мыйзамсыз жолдор менен алып келген 30 чакты ишкана аныкталды. Алар чет өлкөлүк жарандарга жиберилген чакыруу жана башка документтерде жалган даректерди жана маалыматтарды көрсөтүшкөн.

"Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул ишканалардын жетекчилерин жана башка кызматкерлерин жоопко тартуу жана ошондой эле мыйзамсыз миграция менен алектенген башка дагы фирмаларды аныктоо үчүн бир катар иш-чараларды жүргүзүүдө",- деп маалымдайт УКМКнын басма сөз кызматы.(ZKo)
XS
SM
MD
LG