Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:45

Сулайман-Тоо музейинде “Музейдеги түн” деп аталган акция болот


“Сулайман-Тоо” Улуттук археологиялык тарых музейи 14-сентябрь күнү кечки саат алтыдан тартып, түнкү он экиге чейин ачык болот. Ал үчүн музейдин кызматкерлери тарабынан атайын программа даярдашкан. Анда концерттик программалар, спектаклдерден тышкары көрүүчүлөргө сүрөт көргөзмөлөрү жана улуттук тамак-аштар сунушталат.

Иш-чараны негизги демилгечи Youth of Osh коомдук фонду Ош шаардык мэриясынын жана “Сулайман-Тоо” Улуттук археологиялык тарых музейинин жардамы менен уюштурууда.

“Сулайман-Тоо” Улуттук археологиялык тарых музейинде аймакта сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен канаттуулардын катырылган сөлөкөтү, Ошту байыртадан мекендеген улуттардын мурдагы жашоолорун чагылдырган айкелдери бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG