Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:51

Чек арачылардын “Сархад-2013” операциясы аяктады


Төрт өлкөнүн чек арачыларынын “Сархад-2013” операциясы аяктады. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 12-августтан 10-сентябрга чейин өткөн биргелешкен операцияга Кыргызстан, Орусия, Казакстан жана Тажикстандын чек ара аскерлери катышты. Ага Тажикстан жетекчилик кылды. Иш-чаранын алкагында кыргыз тарап мамлекеттик чек араны бузган 25 адамды, террорчулук жана экстремизмге шектелип жүргөн издөөдөгү 4 адамды кармады. Бул операциянын жалпы жыйыны сентябрдын экинчи жарымында өткөрүлмөкчү.(BkA)

XS
SM
MD
LG