Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:11

ШКУ саммитинде Сирия маселеси талкууланат


Бул тууралуу Кыргызстандын президенттик аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков Коомдук каналга маегинде билдирди. Исаковдун айтымында, саммитте алгач президенттердин өз ара жолугушуусу өтөт. Андан соң саммиттин кеңири чөйрөдөгү жыйыны башталат. Жыйында аймактагы жана уюмга мүчө өлкөлөрдөгү коопсуздук жана Сирия чатагын жөнгөрүү маселеси талкууланарын Исаков кабарлады.

Ушу тапта Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматтыштык уюмунун президенттеринин 13-саммити башталып жатат. Ага ШКУ мүчөлөрү болгон Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери жана бул уюмга байкоочу макамындагы Иран, Ооганстан, Монголиянын президенттери, Индия, Пакистандын расмий өкүлдөрү катышууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG