Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Казакстан: Сирия боюнча Орусиянын демилгесин колдойбуз


Бул тууралуу Бишкектеги ШКУнун жыйынында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев билдирди. Анын айтымында, Казакстан Сириядагы чатакты дипломатиялык жолдор менен чечүүгө мүмкүнчүлүк бар деп эсептейт. Мындан улам Сириянын химиялык куралды эл аралык коомчулукка өткөрүп берүү боюнча Орусиянын демилгесин колдоого алат.

Ушул тапта Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмунун президенттеринин 13-саммити өтүп жатат. Ага ШКУ мүчөлөрү болгон Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери жана бул уюмга байкоочу макамындагы Иран, Ооганстан, Монголиянын президенттери, Индия, Пакистандын расмий өкүлдөрү катышууда.

Жыйында аймактагы коопсуздук, Сириядагы чатакты жөнгөрүү жолдору жана Ооганстандагы 2014-жылдагы коопсуздук маселелери талкууланат. (BkA)

XS
SM
MD
LG