Мындай пикирин саммите Өзбекстан президенти Ислам Каримов Сириядагы химиялык куралдарды эл аралык көзөмөлгө берүү боюнча Россиянын демилгесин колдоп жатып билдирди. Сирия эл аралык Конвенцияга кошулушу керек деп эсептеди. Каримов ошондой эле Ооганстандагы кырдаалга токтолуп, бул өлкөдөгү жагдай Борбор Азия жана андан тышкаркы аймактардагы абалды курчутушу мүмкүн деп эсептеди. Ошондуктан, Өзбекстан Ооганстандагы турукташууну аскерий эмес, сүйлөшүүлөр аркылуу гана консенсус жолу менен ишке ашышын жактайт деп билдирди Каримов.