Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкектеги саммитинин кеңири форматтагы жыйыны аяктады. Ага ШКУга мүчө өлкөлөрдүн президенттери жана байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Жыйында аймактык коопсуздук, Ооганстандагы 2014-жылдан соңку абал жана Сириядагы чатакты жөнгө салуу негизги темалардан болду. Ошондой эле Ирандагы өзөктүк курал боюнча да пикирлер айтылды. Бул жыйынга катышкан өлкөлөрдүн дээрлик бардыгы Сириядагы кырдаалды жөнгө салууда БУУнун Коопсуздук кеңешинин пикири эске алынышы керектигин жана химиялык куралды эл аралык көзөмөлгө өткөрүп берүү боюнча Орусиянын демилгесин колдой турганын билдиришти.
Ошондой эле Шанхай кызматташтык уюму эл аралык чөйрөдө мааниси артып баратканын белгилешип, бул уюмдун алкагында трансулуттук магистралдарды салууну жана энергетикалык клуб ачууну сунуштады.
Мындан соң уюмга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын артырууга багытталган Бишкек декларациясына кол коюлат. Ошондой эле саммиттин катышуучулары 2013-2017-жылдарга ШКУга мүчө өлкөлөрдүн достук-ынтымагы, кызматташтыгы тууралуу узак мөөнөттүү келишимин ишке ашыруу тууралуу план бекитилет.(BkA)