Талибан кыймылынын согушкерлери Ооганстандын Герат шаарындагы АКШ консулдугуна кол салышты. Ооган полициясынын маалыматына ылайык, коопсуздук күчтөрүнүн эки кызматкери окко учту жана чабуул койгон талибдердин бешөө атып өлтүрүлдү.
Консулдуктун басма сөз катчысы дипломатиялык өкүлчүлүктө иштегендер жабыркабаганын кабарлады. Гераттын губернатору “Азаттыктын” ооган редакциясына билдиргендей, адегенде жанкечти дүрмөттөлгөн машинесин имаратка жакын жерде жардырып, калган согушкерлер ок ачышкан.
Талибандын маалымат өкүлү Кари Юсуф Ахмади кол салууну топтун мүчөлөрү ишке ашырганын айтты. Полиция кырдаал жөнгө салынганын, жоочуларды издөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Консулдук АКШ атайын күчтөрүнүн кайтаруусуна алынды.