Индиянын соту зордуктоо боюнча айыпталып, өлүм жазасына тартылган 4 кишинин өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Эми өкүмдү Жогорку Сот бышыктоого тийиш. Айыпталып жаткандар апелляция берүүгө укуктуу. Алар былтыр декабрда 23 жаштагы студент кызды зордуктап, катуу сабашкан. Кыз кийин ооруканада көз жумган.
Судья Йогеш Ханна бул катардан чыккан кылмыш үчүн дарга асуу керектигин айтат. “Аялдарга каршы зордук-зомбулук күчөп турган кезде сот андай кылмышка көз жумуп койо албайт”, - деди. Бул мыкаачылык Индияда нааразылык толкунун жаратып, аялдардын коопсуздугун камсыздоо маселесин козгоого түрткү берген.