Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

14-сентябрга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү: 13-сентябрдан тарта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Синоптиктердин айтымында, жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Айрым аймактарда шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет. 14-16-сентябрда өрөөндөрдө абанын күндүзгү температурасы 17...22ге чейин төмөндөйт. Нарындын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -3 градуска чейин үшүк жүрөт. Мындай шартта талаадагы оруп-жыйноо иштерине кыйынчылык түзүлүп, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иши кыйындайт.

Аба ырайы: 14-сентябрда жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.


Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 17...22,
Таласта түнкүсүн 3...8, күндүз 17...22,
Баткен облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6...11, күндүз 16...21,
Нарында түнкүсүн 4...9, күндүз 17...22,
Тоолордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8 болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 10…12 градус, күндүзгү жогорку температурасы 19...21 градус болот.

XS
SM
MD
LG