Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:15

Новгороддогу өрттөн 37 киши каза тапты


Орусиялык тергөөчүлөр Новгород облусундагы психиатриялык ооруканада чыккан өрттөн 37 киши өлгөнүн билдиришти. Расмий маалыматка ылайык, алардын арасында бейтаптарды куткарууга аракеттенген мээрман айым да бар. Кырсык болгон учурда имаратта 60 киши болгон, алардын айрымдары өз алдынча басып-тура албаганы айтылууда.

Өрттөн 20дан көп бейтапты эвакуациялоого үлгүрүштү. Өрттүн тутанышына эмне себеп болгону азырынча беймаалым. Прокуратура шалаакылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Апрелде Москванын четиндеги психиатриялык ооруканада өрт чыгып, 38 киши өлгөн.

XS
SM
MD
LG