Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

ШКУ Сирияга сырттан күч колдонууга каршы


Шанхай кызматташтык уюму Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн сырттан күч колдонулушуна каршы. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн ШКУ саммитинин жыйынтык декларациясында айтылат. Ага кол койгон президенттер Сириядагы кризисти сириялыктар өзүлөрү бул өлкөнүн көз каранды эместигин эске алуу менен жана бийлик менен оппозициянын кеңири саясый диалогу аркылуу жөнгө салуусу керек экенин белгилешти.

Сирия Бириккен улуттар уюмунун химиялык куралга тыюу салуу боюнча 1997-жылдагы Конвенциясына кошулуу ниетин билдирген. Кечээ Сириянын президенти Башар Асад химиялык куралды өткөрүүгө макул болгонун, бирок муну АКШнын аскерий сокку тууралуу эскертүүлөрүнөн коркконунан эмес, Москванын дипломатиялык аракеттеринен улам жасап жатканын белгилеген.

Вашингтон 21-августта Дамасктын четинде болгон газ чабуулу үчүн Башар Асаддын режими жооптуу деп эсептейт. Сирия өкмөтү болсо бул айыптоолорду четке кагууда. (RK)

XS
SM
MD
LG