Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:51

Пакистанда НАТОнун танкерлери аткыланды


Пакистандын түштүк-чыгышында куралчан адамдар НАТОнун мунай ташыган танкерлерине кол салышты. Түн ичинде Карачидеги порттон Ооганстанга бараткан 15 танкерден турган кербен аткылоого туш болду. Жергиликтүү бийликтин ырастоосунда, бир айдоочу мерт кетти, 8 машина өрттөлдү.

Окуя Ооганстан жана Иран менен чек араларга жакын жердеги Балучистан аймагында болгон. Азырынча эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Буга чейин талибдер Ооганстандагы эл аралык контингентти кара май менен камсыз кылуу ишин үзгүлтүккө учуратуу үчүн ушундай кол салууларды жасап келген.

Пакистан менен АКШ кол койгон келишимге ылайык, НАТОнун кербендери Ооганстанга кошуна өлкөнүн аймагы аркылуу 2015-жылга чейин өтө алат.

XS
SM
MD
LG