Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Текебаев: Кыргызстан Сирия боюнча туура позицияны карманууда


Кыргызстан Сириядагы чатакты жөнгө салуу боюнча туура позицияны билдирди. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан эл аралык мамилелерге залакасы тийбесин деген максатта Сирия маселеси боюнча эки тарапка тартпаган позицияны ээлеп жатат:

- Бүгүнкү күндө Кыргызстан “бечелге жөтөлдүн кереги не?” деген принцип менен иш алпарып жаткан өлкөбүз. Сирия маселеси боюнча так позициябыз бар. Бирок бул биздин эл аралык мамилелерге залакасы тийбесин деп өз пикирин этияттык менен айтып жатат. Бул туура эле. Бизди, албетте, башкалардын тагдыры кызыктырат, бирок дүйнөнүн тагдырынан мурда өз тагдырыбызды ойлошубуз керек.

ШКУнун бүгүнкү саммитинде Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Сириядагы абал тынчтык жолу менен, тез арада БУУнун ортомчулугу жана бардык кызыкдар тараптардын катышуусунда сүйлөшүү аркылуу чечилиши керектигин билдирген болчу. (AzK\BkA)

XS
SM
MD
LG