“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө Путин бир катар лидерлердин катышуусунда бүгүн Бишкекте ШКУ саммитинин өтүшү Кыргызстандын жана жеке Атамбаевдин кадыр-баркынын жогорулаганынан кабар берет деп билдирди. Олуттуу маселелерди талкуулоого жакшы шарт түзүлгөнүнө ыраазылык айтты. Саммиттин жыйынтыгында кабыл алынган документтер Кыргызстан үчүн да маанилүү экенин кошумчалады. Өз кезегинде кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстан - Орусия кызматташтыгына жогору баа берип, орус мамлекети Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш экенин дагы бир ирет баса белгиледи.
Мурда кабарлангандай, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулмакчы. (EBM/BkA/RK)
Мурда кабарлангандай, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулмакчы. (EBM/BkA/RK)