Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:36

Фүле: Армения менен келишимге кол коюлбайт


Еврошаркеттин комиссары Штефан Фүле Армения Бажы биримдигине кирсе, шаркет менен Ассоциация жана Эркин соода келишимине кол коё албайт деп билдирди.

Ереванга сапары учурунда сүйлөгөн Фүле Евробиримдик Армения менен кызматташуунун башка түрүн сунуш кылышы мүмкүн деди. Комиссар ноябрда Вильнюста өтчү саммитте Ереван менен документтерге кол коюлбасын тастыктады.

Өткөн жумада армян президенти Серж Саргсян өлкө Орусия, Беларус жана Казакстан кирген Бажы биримдигине кошулууну каалайт деп айткан. Ереванда Фүле Евробиримдиктин Өнөктөштөр программасынын мүчөлөрү менен жолукту.

XS
SM
MD
LG