Кечээ Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Тажикистандын президенти Эмомали Рахмон жолугушту. Эки өлкө ортосундагы маанилүү маселелер талкууланган соң кызматташууну бекемдөө үчүн эки тарап тиешелүү органдарга тапшырмаларды берди.
Эмомали Рахмон Алмазбек Атамбаевди расмий сапар менен Тажикстанга каалаган маалында келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
13-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун 13-саммити өттү. Ага мүчө өлкөлөрдүн жана байкоочу 3 мамлекеттин президенттери келди. 2001-жылы түзүлгөн уюмга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Тажикистан, Орусия жана Өзбекстан мүчө. (AKu)