Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

Кыргызстан эл аралык “Жашыл апта” жармаңкесине катышат


Кыргызстандын айыл чарба тармагынын өндүрүүчүлөрү Германиядагы “Жашыл апта-2014” эл аралык жармаңкесине катышат. Ал Берлинде 2014-жылдын январында уюштурулат. Кыргызстан ага 5 жылдан бери барып келүүдө.

Негизинен азык-түлүк, дары-дармек, биопродукциялар, коньяк продукциялары жана улуттук суусундуктарын алып барат. Бул тууралуу Бишкектеги Германиянын эл аралык кызматташуу коому билдирди. Алардын айтымында, Берлин жармаңкесинде Кыргызстандын балына, кыямдарына, кургатылган жемиштерине жана төө бурчагына талап өзгөчө көп.

Иш чарага 40 мамлекет катышат, семинарлар, конференциялар да уюштурулат. Ага катышкысы келген дыйкандар, ишмерлер 11-октябрга чейин аталган коомго кайрыла алышат. (AKu)

XS
SM
MD
LG