Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

АКШ менен Орусиянын Сирия боюнча талкуусу уланууда


Жон Керри жана Сергей Лавров. Женева, 13-сентябрь, 2013-жыл.
Жон Керри жана Сергей Лавров. Женева, 13-сентябрь, 2013-жыл.
Сириянын химиялык куралы боюнча сүйлөшүүлөргө АКШдан мамлекеттик катчы Жон Керри, Орусиядан тышкы иштер министри Сергей Лавров жетекчилик кылып жатышат.

Женевадан түшкөн маалыматтарга караганда, тараптар Сириядагы химиялык куралдын корун тактоо жагынан макулдашууга жакындап калышты. Женевадагы сүйлөшүүлөр Сириянын химиялык куралына эл аралык көзөмөлдү орнотуу боюнча Орусиянын планына байланыштуу өтүүдө. Мындан улам АКШ президенти Барак Обама Сирия бийлигине каршы аскерий операцияга Конгресстен уруксат алуу маселесин кийинкиге калтырып койду.

Бул аралыкта БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Улуттар уюмунун эксперттеринин келерки аптада жарыялануучу доклады Сирияда химиялык курал колдонулганын ырастай турганын билдирди. Баш катчы химиялык куралды ким колдонгонун айткан жок, бирок Сирия президенти Башар Асад “адамзатка каршы бир топ кылмыш жасаганын” белгиледи:

- Көп мамлекеттер президент Асад кетиши керек деп жатышат. Бирок Улуттар уюму мындайды айта албайбыз. Бул элдин эркине ылайык чечиле турган маселе. Кайсы президентти каалай турганын эл өзү тандашы керек. Маселе ал адамзатка каршы көп кылмыштарды жасаганында. Андыктан мен баары бүткөндөн кийин жооп берүүчү жараян болот деп ишенем.

АКШ жана анын өнөктөштөрү Сирия өкмөтүн быйыл 21-августта Дамасктын жанында химиялык газ колдонуп, жүздөгөн адамдарды өлтүргөн деп айыптоодо. Асад жана Орусия бул үчүн жоопкерчиликти козголоңчуларга жүктөп жатышат. (UE)

XS
SM
MD
LG