Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:53

Хосни Мубарактын соту жанданды


Буга тушташ бүгүн Каирдеги сот имаратынын сыртында Египеттин эки президентинин жактоочулары кагылыша кетишти. Кагылышкандардын бир тарабы Хосни Мубарактын жактоочулары болсо, экинчи тарабы бийликтен кулатылган президент Мохаммед Мурсинин колдоочулары.

Сот азыр Мубаракка демонстранттардын 2011-жылдын февралындагы өлүмү боюнча коюлган айыпты кайра териштирүүдө. Мубаракты бийликтен кетүүгө мажбурлаган ал нааразылык акциялары учурунда 800дөй кишинин өмүрү кыйылган.

Бүгүнкү жараян Мубарак августтун соңунда түрмөдөн аскерий ооруканага которулгандан бери сотко экинчи келиши болду. Ал коррупцияга байланышкан айыптар боюнча башка сот жараяндарын да күтүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG