Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:32

Бүгүн Азамат Алтайдын туулган күнү

"Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын кыргыз кызматынын түптөөчүсү, маркум Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) тирүү болгондо бүгүн, 15-сентябрда 93 жашка чыкмак. Ал Улуу Ата Мекен согушта туткунга түшүп, Германияда жашап калган.
1953-жылы баш кеңсеси Германиянын Мүнхен шаарында жайгашкан “Азаттык” үналгысынын кыргыз тилиндеги туңгуч берүүсүн обого алып чыккан. Алтай кийин АКШга кетип, чейрек кылымдан ашуун өмүрүн Нью-Йорктогу Колумбия университетинин илимий китепканасына арнап, түркология жана кыргыз таануу боюнча он миңдеген нускадан турган китеп корун түзүп, 1960-жылы Азамат Алтай ысымын алган.

Азамат Алтай 2006-жылы 23-майда 86 жашында рак оорусунун айынан Нью-Йорк шаарында дүйнөдөн кайткан.(BkA)
​
XS
SM
MD
LG