Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Бүткүл дүйнөлүк ынтымак жүрүшү Бишкекте


Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Тажикстандан тандалган 12 жөө күлүк “Бүткүл дүйнөлүк ынтымак жүрүшү” деп аталган марафон менен бүгүн Бишкекти көздөй чуркап келатат. Эстафета Дүйшөмбү шаарынан 5-сентябрда старт алып, Тажикстандын Кожент, Кыргызстандын Исфана, Баткен, Кызыл-Кыя, Ош, Жалал-Абад шаарларын аралап келди. Алар учурда жааган жамгырга карабай Кара-Балта шаарынан Бишкекти көздөй чуркап келет. Ынтымак жүрүшүнүн катышуучулары бүгүн түштөн кийин Бишкекте болушат. Аларды жолдо катар жергиликтүү калктын өкүлдөрү, спорт күйөрмандары да коштоп чуркап келүүдө. 16-сентябрда алар Бишкектен Алматын көздөй чуркап, жүрүш Кытайды көздөй уланат.

Арыбаган 12 жөө күлүк 3 миң километрдей аралыкты марафон катары чуркап өтүшөт. Алардын катарында кыргызстандык жөө күлүктөр 74 жаштагы Равил Нагаев жана 31 жаштагы Жанара Ниязова да бар. Эл аралык факелдик эстафета 1987-жылдан бери ар жыл сайын өткөрүлүп келүүдө.

Быйылкы факелдүү эстафетанын финалы 23-сентябрда Кытайдын Үрүмчү шаарында аяктайт. (КМа)

XS
SM
MD
LG