Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:34

Ооганстанда шахта кыйрашынан 27 кенчи каза тапты


Кырсык кечээ түндүктөгү Саманган провинциясындагы Абхорак көмүр кенинде болгон. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, кенчилер кендеги кыртыш көчүп кеткенден кийин чыга албай камалып калышкан. Провинция губернаторунун басма сөз катчысы Мохаммед Сыдык Азизиин айтымында, шахта көчүүсүнөн 27 кенчи каза тапкандан тышкары, 20 кенчи жаракат алышкан.

Кендин ичинде дагы 12дей киши бар экени болжолдонууда. Ооганстандын көмүр өндүрүшүндө да эмгек коопсуздугунун стандарттары абдан начар.

Былтыр декабрда Баглан провинциясында да шахта кыйрап,11 кенчи мерт болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG