Ирандын жаңы президенти Хасан Роухани менен кат алмашканын АКШ президенти Барак Обама бүгүн алгачкы ирет ачыктады. Эй Би Си телеканалындагы интервьюсунда Обама каттардын мазмуунун айткан жок, бирок Сириянын химиялык куралына караганда, Ирандын өзөктүк программасы АКШ үчүн олуттуу проблема экенин ишара кылды.
АКШ президентинин пикиринде, Сирияны аскерий чара менен коркутуудан кийинки дипломатия Тегеран менен анын өзөктүк куралга жетүү мүдөөсү боюнча сүйлөшүүлөр үчүн потенциалдуу модель боло алат. Обама Тегеран АКШ Сирияга сокку урбагандан кийин Иранга да өзөктүк программасына жооп иретинде аскерий чара колдонбойт деп ойлобоосу керектигин кошумчалады.
БУУнун Башкы ассамблеясында келерки аптада АКШ жана Иран президенттери бир күндө сүйлөйт. Бирок алардын өз ара жолугушуусу каралган эмес. (UE)