Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Депутаттар чуулгандуу тасманын чоо-жайын талкуулайт


Бүгүн Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинде УКМК тараткан чуулгандуу тасма боюнча талкуу өтөт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Анда УКМК төрагасы Бусурманкул Табалдиев, Баш прокурор Аида Салянова бул тасма тууралуу маалымат бермекчи. Жыйынга оппозициялык саясатчылар Аликбек Жекшенкулов, Садыр Жапаров, Кубанычбек Кадыров да чакырылган.

3-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети оппозициянын өлкөдөгү абалды курчутуу планы делген тасманы тараткан. Анда Эрланбек Өмүралиев аттуу жаран оппозиция мүчөлөрү Аликбек Жекшенкулов, Кубанычбек Кадыров, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов 8-10-сентябрь күндөрү өлкөдө башаламандык уюштурууну жана Нарын дарыясын цианид менен уулоону пландаганын айтып берген. Оппозиция өкүлдөрү тасмада айтылган сөздөр чындыкка дал келбесин, аны бийликтин уюштурган чагымы деп сыпаттаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG