Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:46

Ошто террордук топтун үч мүчөсү кармалды


Ошто “Исламдык жихад союзу” эл аралык террордук уюмунун мүчөсү делген 3 адам кармалды. Алар Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдыктар жүрүп жаткан учурда УКМКнын кызматкерлери тарабынан колго түшкөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн атайын кызматтын өкүлү Тилек Чокморов билдирди.

Анын айтымында, кармалгандардын экөө Кыргызстандын, бирөө Казакстандын жараны:

- Аталган топ террордук опперацияларды уюштуруу максатында Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Алар Сириядагы террордук уюмдардын мүчөлөрүнүн катарын толуктап, ал жердеги согушка активдүү катышып жүргөнүн аныктадык. Тергөөдө маалым болгондой, алар эл аралык террордук топтордун жетекчилеринин тапшырмалары боюнча Ош жана Бишкек шаарларында экстермисттик акцияларды уюштурууну пландаган.

Кармалгандар азыр УКМКнын убактылуу кармоочу жайында. Тергөө амалдары уланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG