Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Ажылык сапары башталууда


Ажылык сапарга аттанган кыргызстандыктардын алгачкы тобу 17-сентбярь күнү Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунан Сауд Арабиянын Жидда шаарына жол тартат. Муфтияттан бүгүн "Азаттыкка" билдиришкенге караганда алгачкы топто 196 адам бар. Зыяратчыларды “КыргызТрансАвиа” компаниясы ташыйт.

Быйыл ажылык сапар үчүн Сауд Арабия Кыргызстанга 3 600 орун бөлгөн. Бул жылдагыга караганда 900гө аз. Сауд Арабия муну Меке шаарында ири курулуш иштери жүрүп жаткандыктан дүйнө боюнча ажылардын санын 20 пайызга кыскартканы менен түшүндүргөн. Ажылыктын быйылкы баасы муфтият тарабынан 2300 доллар деп чечилген.

Кыргызстандан ажылыкка барчулар үчүн 21 каттам белгиленген. Ажылык амалдар Курман айт майрамы учурунда Сауд Арабиянын Меке жана Медина шаарларында аткарылат. Курман айт 15-октябрга белгиленген. (SE)

XS
SM
MD
LG