Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:02

Кытайда дүйнөдөгү эң бийик аэропорт ачылды


Деңиз деңгээлинен 4411 метр бийиктикте жайгашкан аба майдан Сичуан провинциясынын Даочең Йадиң шаарчасында бүгүн ишке кирет. Бул тууралуу дүйнөлүк жарандык авиация маалымат порталдары кабарлады.

Киңхай-Тибет бөксө тоосунун чыгыш тарабында жайгашкан Даочең Йадиң аэропортун куруу иштери 2011-жылы башталган. Сичуан провинциясынын борбору Чеңду шаарынан Даочең Йадиңге автобус менен эки күндүк жолду учак болгону бир саатта басып өтөт.

Кыргызстандагы эң бийик аба майдан деп саналган Нарын аба майданы деңиз деңгээлинен 2133 метр бийиктикте жайгашкан. (BAz)

XS
SM
MD
LG