Жогорку Кеңеште оппозициянын абалды курчутуу планы делген тасма боюнча иш жабык талкууланууда. Маселени жабык кароо сунушун депутат Ирина Карамушкина сунуштады. Жыйынга тасмада аты аталган Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Кубанычбек Кадыров жана Аликбек Жекшенкулов да катышууда.
Талкуу башталганга чейин УКМК жетекчисинин орунбасары Дүйшөнбек Чоткараев иш азыр иликтенип жаткандыктан, аны парламенттен башка күнү кароону суранган. Бирок депутаттар ага көнбөдү.
Буга чейин оппозициянын планын ашкереледи делген тасма боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогону маалымдалган болчу. Бүгүн парламентте прокуратуранын өкүлү бул боюнча маалыматтар топтолуп жатканын, азырынча кылмыш иши козголо электигин билдирди.
3-сентябрда Коомдук телеканал Эрланбек Өмүралиев аттуу жарандын оппозиция мүчөлөрү 8-10-сентябрь күндөрү өлкөдө башаламандык уюштурууну жана Нарын дарыясын цианид менен уулоону пландаганын айткан тасманы көрсөткөн. Бул тасма коомчулукка “Юпи опперациясы” деген ат менен тараган. Оппозиция өкүлдөрү тасмада айтылган сөздөр чындыкка дал келбесин атып, аны бийликтин уюштурган чагымы деп сыпаттаган. (SE\KE)