Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Ооганстанда президенттик жарыш башталды


Ооганстанда 2014-жылы өтчү президенттик шайлоого талапкерлерди каттоо жараяны башталды. Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Нур Мохаммад Нурдун айтымында, дүйшөмбүдө 20 чакты талапкер дүйшөмбү күнү керектүү иш кагаздарын чогултуу максатында шайлоо комиссиясынан каттоо документтерин алып кеткен.

Келерки жылы 5-апрелде өтчү шайлоого катышчу талапкерлер 6-октябрга чейин бүт керектүү кагаздарды комиссияга тапшыруусу абзел. Президенттикке талапкерлер 40 жаштан жаш эмес жана кылмыш иши козголбогон ооган жарандары болуш керек. Алар 100 миң шайлоочу күбөлүктөрдү жана 18 миң доллардай каражатты шайлоо комиссиясына өткөрүп берүүсү зарыл.

Талапкерлердин тизмеси 16-ноябрда жарыяланат. Учурдагы президент Хамид Карзай эки мөөнөт президент болду жана Конституцияга ылайык ал үчүнчү мөөнөткө шайлана албайт. (BAz)

XS
SM
MD
LG