Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:25

Румынияда каршылык акциясы өттү


Европадагы эң ири алтын кендеринин бири болуп саналган Трансилваниядагы кенди өндүрүү пландарына каршы акция Румыниянын шаарларында болуп өттү.

Бухарестте жана башка аймактарда өкмөттү "Румыниянын кен байлыктарын арзан баада сатууда" деп алтын өндүрүүдөгү цианиддин колдонулушун сынга алган 20 миңдей адам көчөгө чыкты.

Өлкөдөгү Розия Монтана шахтасында Канаданын «Габриель Ресорсес» компаниясы 300 тоннага жакын алтын казып чыгууну пландоодо. Нааразылык акциялар өткөн жумада премьер-министр Виктор Понта аты аталган шахтадан алтын казып чыгууну тездетүү тууралуу мыйзамга кол койгондон кийин башталган. (BAz)

XS
SM
MD
LG